Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жеңил унаа жол бошотпой койгон. ӨКМ өрт өчүрүүчү унаа катышкан жол кырсыгы боюнча маалымат берди

25.04.2022 10:23
519
Жеңил унаа жол бошотпой койгон. ӨКМ өрт өчүрүүчү унаа катышкан жол кырсыгы боюнча маалымат берди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ кечинде жол кырсыгына кабылган өрт өчүрүүчү унаа боюнча маалымат берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык,  24-апрелде саат 20.00 чамасында Биринчи май районунун Ак-Босого жаңы конушунун Чүй-6 көчөсүндө турак жай өрттөнүп жаткандыгы тууралуу чакыруу түшкөн. 


Кырсык катталган жерге Свердлов районунун №2 өрт-куткаруу бөлүгүнөн ыкчам куткаруучулар дароо чыгышкан.

Өрт чыккан дарекке шашылыш чыккан өрт өчүрүүчү эсептик бөлүмүнүн атайын унаасы жеңил унаа менен кагылышып кырсыкка кабылды.


Адистештирилген өрт өчүрүүчү автоунааны атайын үн сигналы жана жаркыраган маяк менен айдап бара жаткан айдоочу жол бербеген жеңил унаа менен кагышкан.


Кырсыктын кесепетинен атайын өрт өчүрүүчү унаасы капталына аласалып, үч өрт өчүрүүчү жабыркаган.


Эскерте кетсек: белги берүүчү жарк эткен маяк жана атайын үн сигналы бар унаалардын бардык өлкөлөрдүн жол кыймылынын эрежелери тарабынан жалпы жол эрежесинен бир катар өзгөчөлүктөр менен камсыз кылынган. Атап айтканда, кимдир бирөөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн жол чырагынын белгилерине карабай өтүү укугу берилген. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн