"Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов ИИМдин тергөө бөлүмүнө сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, ал 2 иш боюнча күбө катары суралууда.
"Мен ИИМге суракка кирип чыктым. 2 кылмыш иши боюнча сурак берем. Биринчиси 5-6-октябрда болгон окуяга күбө катары азыр сурак берип чыктым. Ал эми кечинде 9-октябрдагы окуя боюнча дагы сурак берем.
Мен ойлойм октябрь окуяларына бардык тиешелүү тараптар сурак бергенде туура чечим чыгат",- деди Молдокматов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн