Үй-бүлөм менен жолугууга уруксат берилбейт. Мындай пикирин абакта жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов "Вести.кг" агенттигине берген маегинде билдирген.
— Үй-бүлөңүз менен жолугууга уруксат барбы?
— Жок, уруксат бербейт. Үй-бүлөм менен жолугууга уруксат берилген күндө дагы, мен макул болбойм. Мен үй-бүлөмдүн, балдарымдын көрө албаган нерселерди көрүшүн (көңүл чөгөргөн имарат жана темир тор) каалабайм!
— Сиз камерада көбүнчө эмне менен алектенесиз? Убактыңызды кандай өткөрүп жатасыз?
— Камера кичинекей, мен көп окуйм. Биз СИЗO режимине ылайык жашайбыз, башкача айтканда, эртең менен жана кечинде текшерүү, жумасына бир жолу душка түшүп, китеп окуу. Биз нааразы болгон жокпуз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн