Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 14:33
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жеңиш Молдокматов Садыр Жапаровду дебатка чакырды

29.12.2020 12:47
1503
Жеңиш Молдокматов  Садыр Жапаровду дебатка чакырды

Урматтуу Садыр Нуркожоевич!

Шайлоолор бүткөнчө унчукпайлы дедик, ар бир барган жериңизде токтобостон "Жетим-Тоо" темир кенин  "иштетебиз" деп айтып келесиз. 


Төмөндөгү суроолорго жооп бериңизчи:

1. "Жетим-Тоо" темир кенин иштетүү боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалымдамасы, анализи, эсеби, иликтөөсү жана аныктамасы жок кантип ишке киргизем деп айтып жатасыз? Же геологдор айткандай "бирөө шыбырап койду беле?"

2. Жергиликтүү тургундардын (ал жерде 9 айыл бар) пикирин угуп көрдүңүзбү? Уксаңыз, алар кандай кабыл алууда? Же бул нерсени дагы "эл каалап жатат", деп айтасызбы?

3. "Жетим-Тоодо" канча тонна темирдин кору бар? 

4. Кытайдын карызын кутулуу үчүн "Жетим-Тоону" ачуу канчалык зарыл же кытайлык өнөктөштөр менен эл билбеген сүйлөшүү болгонбу?

5. 2009-жылы "Жетим-Тоо" кытайлык ишкерлерге 300 сомго сатылганда сиз бийликте элеңиз, эмне себептен унчуккан эмессиз?

6. "Жетим-Тоону" өзүбүз иштетебиз, буга чейин тоо кен тармагында иштеп келген  компанияларды текшерип, мамлекеттин үлүшүн кайтарабыз деп айтып келесиз. Анда, "Жер-үйдүн", "Кумтөрдүн" келишимдерин жокко чыгарып, жаңы түзөбүзбү же алар ишин улантабы?

7. "Кумтөрдө" алтын жок деп 11-октябрда парламенттин жыйынында айттыңыз. Бүгүн "Кумтөрдө" канча алтын калды жана калганы эл кызыкчылыгына кайтарылабы же сиз айткандай алтын жокпу?


 "Жетим-Тоого" түбүнөн кимдер кызыктар экенин жакшы билебиз, алар кытай ишкерлери. 

Эгерде биз билбеген нерселер болсо, сизди,  Т. Сариевди, сүрөөнчү болгон Ишимбай Чунуевди бирге ачык талкууга чакырам. Менимче,  ММК өкүлдөрү аянтча дайындап берер. Дебаттан ачыктайлы...


 Жетим-Тоонун тагдыры Кумтөрдүкүн кайталап калышын каалабайбыз!

Урматым менен, 

Жеңиш Молдокматов



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн