“Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жетектеген
топ чет жактагы мекендештерге материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу саясатчы фейсбук баракчасына жарыялады.
Анын айтуусуна караганда 3 өлкөдөгү жардамга муктаж мекендештерге акча каражаттары которулган. Анда Россияга 50 миң, Казакстанга 50 миң жана Түркияга 50 миң сомдон акча которулганын кабарлады.
Молдокматов өз кайрылуусунда кайрыдуулук кылган жарандардын баарына ыраазычылык билдирип, бул биринчи жана акыркы жардам эмес экенин белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн