Бугу 10, 2024
Убакыт: 10:31
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жеңиш Молдокматов ден соолугуна байланыштуу 47-түзөтүү колониясына которулду

19.08.2021 18:24
818
Жеңиш Молдокматов ден соолугуна байланыштуу 47-түзөтүү колониясына которулду

"Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Бишкек шаарынын убактылуу тергөө абагынан 47-түзөтүү колониясына которулду. Бул тууралуу Молдокматовдун жакын санаалашы Эрлан Бекчоро уулу билдирди.


Анын айтымында, Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялагандан кийин ден соолугу начарлап кеткен.


"Жеңиш Молдокматов Бишкек шаарынын убактылуу тергөө абагынан 47-түзөтүү колониясына которулду. Себеби ал буга чейин 12 күн катары менен ачкачылык жарыялаган. Мындан улам жүрөгүнө оор келип ден соолугу начарлап кеткен. Улуттук кардиология борбору да аны текшерип, ден соолугу начар экенин тастыктаган",- деди Бекчоро уулу.


Эскерте кетсек, Жеңиш Молдокматов 2020-жылдын 9-октябрында башаламандык уюштурууга шектелип, 2021-жылдын май айында кармалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн