"Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу Эрлан Бекчороев билдирди.
Анын айтымында, Молдокматов ачкачылык жарыялагандан кийин ден соолугу толук текшерүүдөн өтө элек болгон.
"Жеңиш Молдокматовго жүрөгүн текшерип турган атайын аппарат коюлганы менен толук анализден өтө электе СИЗО-1ге которушту. Тарапташтары Жеңиш Молдокматовдун стационардык ооруканага которулушун талап кылат",- деп билдирүү калтырган ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн