Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:06
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Жеңиш Молдокматов түрмөдөн кайрылуу жасады

25.05.2021 15:01
2000
Жеңиш Молдокматов түрмөдөн кайрылуу жасады

Камактагы оппозиционер саясатчы, «Turan» саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов кайрылуу жасады. Бул тууралуу партиянын социалдык баракчасы билдирди.


Урматту мекендештер!


1991-жылы 31-августа Кыргыз мамлекети көз карансыздыка ээ болуп, легендарлуу парламенттин төрагасы кадырлуу аксакалыз Медеткан Шеримкуловичтин колу менен алгачкы эгемендүүлүк жөнүндө деклорация жарыяланган. 

Жалпы дүйнөгө Кыргыз Республикасы ссуверендүү, демократиялуу мамлекет катары таанылып, демократиянын принциптери акырындан орноп, 30 жылда тапканыбыз сөз эркиндиги болду.


Кыска тарыхыбызда Кыргыз эли уч революцияны башынан өткөрүп, өткөөл мезгилде өтө оор кырдаалда турган чагыбыз.


Тилекке каршы, өлкөнү өргө сүрөөдө туруктуу өнүгүү системасын курабай, элибиз идеяга эмес, инсандарга ишенип ушул акыбалга кептишенип


Өзгөрүүгө жаңыланып, өнүгүүгө багыт алуу учуру келди!

Ишендирип айтамын. Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын келечеги кең! Болгону аракет, эмгек, таза ниет, аруу тилек, чоң максат, бекем позиция жана күчтүү команда керек! Ал бизде, элибизде бар.


 Бийлик элдики демекчи, баардык коомдук, саясий күчтөрдү өлкөбүздүн жаркын келечеги учун биригүүгө чакырам!


Эң манилүү мамлекеттин өнүгүүсүндө өзөгү болгон сөз эркиндигин коргоодо бекем болушубуз абзел.

 Бириндесек бөлө тартып жок кылаар, бир билектей бекем болсок, боор таартай дегендей ынтымак менен биримдик коомдогу прогрессивдүү күчтөр үчүн бүгүн абдан маанилүү. 


Учурдан пайдаланып мага карата жүрүп жаткан сачсий куугунтукка каршы ачык ойлорун айтып, колдоо көргөзүп колдоп турган баардыгыңыздарга терең ыраазычылык билдирем! Өзгөчө ардактуу журналисттерге рахматымды айтам. 

Сөз эркигиндиги үчүн өмүрүн арнап, тобокелдикке барган журналистер эч качан унутулбайт!


Сиздерди терең ураматтап, 


Жеңиш Молдокматов

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн