Бугу 07, 2024
Убакыт: 16:51
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Жеңиш Молдокматовго карата тергөө иштери бүттү. Ал коюлган айыптарга макул эмес

07.09.2021 21:26
1184
Жеңиш Молдокматовго карата тергөө иштери бүттү. Ал коюлган айыптарга макул эмес

"Туран" саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовго карата ачылган кылмыш иштери боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу партиянын өкүлдөрү билдиришти.


Маалыматка ылайык, Молдокматовго карата 3 берене боюнча  кылмыш козголгон.


Алгач Молдокматовго карата "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен кылмышка шектелип май айында камакка алынган.

Тергөөнүн жыйынтыгында Молдокматовго карата дагы 2 кылмыш иши кошулган. "Бийликти күч менен басып алууга аракет  кылуу" жана "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелери кошулган.


Жеңиш Молдокматов бул айыптоолорго макул эмес экенин билдирип, тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго кол койгон жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн