Экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматтарга караганда, Разаков алдамчылык фактысы боюнча ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кармалган.
Ага каршы арыз президенттин мурдагы кеңешчиси Арзыбек Бурканов тарабынан жазылган.
Буркановдун айтымында, Разаков биргелешкен бизнести өнүктүрүү үчүн каражат алган. Бирок ал бизнестен да, каражаттан да кабар жок экендигин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн