Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жеңиш чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерди издөө иштери токтотулду

Жеңиш чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерди издөө иштери токтотулду


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Жеңиш чокусунда дайынсыз жоголгон төрт альпинистти издөөнү токтотушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Бул дайынсыз жоголгондорду эки жума бою издөө иштери жыйынтык бербегени менен түшүндүрүлөт. Анын ичинде вертолет менен учуулар да ийгиликтүү болгон эмес.


"Топтун мүчөлөрүнүн биринде болгон GPS-трекердин координаттары боюнча, кулаган жер аныкталды. Альпинисттер түшкөн маршруттун бул бөлүгүнө чыгууга дээрлик мүмкүн эместиги билинген. Чокудагы аба ырайынын татаал шарттары, тез-тез жүрүп жаткан кар көчкүлөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын өмүрүнө кооптуу экенин эске алып, 2023-жылдын 8-августунан тартып куткаруучулар базалык лагерге, кийинчерээк туруктуу ордуна кайтарылган.


Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз компетенциясынын жана жеткиликтүү каражатынын чегинде жабыркаган туристтерди издөөгө бардык аракеттерди жасады», - деп айтылат министрликтин маалыматында.


Эске салсак, дайынсыз жоголгон альпинисттердин үчөө Д.П., С.П., Н.Д. Орусиянын, төртүнчүсү Литванын жараны. Акыркы жолу туристтик топ 19-июлда 6900 метрдей бийиктиктен байланышка чыккан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн