Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 06:54
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Жеңишбек Эдигеев: Жаңы шыпыргыны жаңычыл ММКдан баштаса жаңы бийлик жаман болбос

17.10.2020 15:34
658
Жеңишбек Эдигеев: Жаңы шыпыргыны жаңычыл ММКдан баштаса жаңы бийлик жаман болбос
Өкмөттүк “Кыргыз туусу” менен “Эркин тоонун” күркөнүн эң этегинде күнгө какталып өтпөй турганын көрүп, эң керексиз гезит болуп турганына кейийсиң. Бул баланчанын же түкүнчөнүн гезити эмес, алар Кыргыз Өкмөтүнүн, бийликтин гезити, демек ал кыргыз мамлекетиники, президентиники, анын жүзү. Алар өз жүзүн өйдө көтөрүп коюну түк ойлонбой келет. “Кыргыз туусунун” форматы мурдагыдан да кичирейип калганбы… тескерисинче ал чоңоюшу керек эле, Россия, Европанын айрым гезиттериндей адаттан тыш чоң кылып, керек болсо кагазын түстүү кылып, 20-30 беттүү кылып, эл сүйүп окугандай, кадырлуу-барктуу кылып чыгарганга бир мамлекеттин кудурети жетет болчу. Казынаны шылтоо кыласыңбы, андай болсо бир чиновниктин бир жолку саунага чачып, шапар тепкен акчасын бери бурдуруп койсунчу, канча бечара калемгердин курсагы тоюп, айлыгы арбып, иш деп чуркап калмак эле. Андай “булак” бийликте толуп жатат. Болгону, баарына, өкмөтүнө, президент ишин тейлөөчүсүнө айтор, баарына баары бир.

Өздөрүнүн “жүзү”, күзгүсү күркөнүн кайсы ордунда экенине, окурман журттун, гезиттердин арасында кайсы деңгээлде турганына баары бир. Болбосо элде жок айлыкты өкмөттүк гезиттер алса болбойбу, элде жок мүмкүнчүлүк өкмөттүк гезиттерге түзүлсө болбойбу, ошондо гезиттин кадыры өспөйбү, “мен иштейт элем” деп кыйындар гезитке чуркабайбы, ошондо тиражы, сапаты, көлөмү, сапаты өйдөлөбөйбү. Эмне башкалар пайдаланган техникалык заманбап каражаттарды, айталы миң долларлык дрондуу камераны сатып бере албайбы бир өкмөт? Ошондо шаңкайтып асмандан Бишкекти, шаңкайтып Ала-Тоону, жети облусту тартып “Мобу сенин мекениң, сен көрө элек кокту колотуң, көрүп ал! сыйла, тийбе, тепсебе, булгаба ушул жерди!” деп турса өкмөттүк гезитке, анын сайтына жарашпайт беле!

Шарт түзүлсө өкмөт жетпеген жерге журналисттин колу жетмек, алыскы айылдыктардын абалын өкмөт сурай албаса да өкмөттүк гезиттин кабарчылары ал акыбал сурап турмак. Ийне-жибине чейин сүрөттөп жазып турмак. Ошондо бийликтин жок дегенде “иштеп атканы, жүрүп баратканы” көзгө көрүнүп, колго кармалып турган болоор эле. Түпкүрдөгү эл гезиттен өзүн, сөзүн, үнүн көрүп, айткан арыз-арманын окуп, тебетейин ыргытып сүйүнүп калмак. Акчасы, колунда техникалык каражаты, алдында көлүгү болсо ошол гезит эң мобилдүү болбойбу, окуялар жеринен тартылбайбы, окуянын булагы – башка эмес гезит өзү болбойбу, ыкчамдык болсо окугандын көзү тоюп, маалымат суусуну канбайбы. Өкмөттүк гезиттердин короосу менен коридору тунжурабай: “кирсем деп, арыз арман айтсам деп, арыз-муң катымы 7-кабатка жеткирип койсоң” деген карапайым калкка гезит короосу толбойт беле.

Илгери “Асаба”, “Агым”, алгачкы “Де-фактонун”короосу ошондой болчу. Эшик алдыбыз элге толуп турчу. Кат куржунубуз калктын катына батпай чыкчу. Ошол да эл үнү деген. Ошол да төртүнчү бийлик деген. Эл келе берген сайын ошончо ой келе берет. Ошончо тагдыр жазылат. Ошондо макалалар катыган камырдай болбой жандуу болот. Окусаң көзүң, “жесең” маалыматтык курсагың тоет. Өкмөттүк гезиттер жалаң эле супсак, расмий маалыматтар менен чектелбей, гезиттин үчтөн бирин “оппозициялык гезит” кылып салып, гезиттин ичинен гезит жаратып, бири элдин суроосу бири бийликтин жообу кылып, бири сынагыч, бири анын жолун тапкыч кылып, өкмөттүн түрдүү адистерин тартып, гезит ичинде саясат менен турмуштун казанын кайнатып салса болот эле да. Ошондо “оо бар экен го!” дебейби, эл! Жедеп эскирген рубрикалардан качып, жаңы замандын жаңыча рубрикаларын жаратышса алар гезитке башкача кан жүгүртпөйбү, түс кошпойбу.

Эгер эле шарт түзүп, айлыкты арбын кылчы башка эмес, азыркы иштеп аткан эле кыз-жигиттер эки эсе чыгармачыл, өнүмдүү журналисттерге айланып чыга келет. А андай ниет, андай ой, андай каалоо жокпу анда – эшегине жараша тушагы, баягысы баягы бойдон кала берет. Төртүнчү бийликтин кадыры менен, күчү менен аң-сезим өсүп, эл ойгонуп, эскиден жаңыга өтүп, бийликтер алмашып, коомдогу тоодой күчүн көргөзүп келет, төртүнчү бийлик. Андай болсо жаңы шыпыргыны жаңычыл ММКдан баштаса жаңы бийлик жаман болбос.


Жеңишбек Эдигеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн