Бугу 09, 2024
Убакыт: 08:50
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Жеңишбек Назаралиевден жаңы тасма. Марихуана пайдалуубу? (Видео)

10.02.2021 14:16
869
Жеңишбек Назаралиевден жаңы тасма. Марихуана пайдалуубу? (Видео)


Ушул суроону өзүңүзгө азыр берип туруп чыпчын жооп бериңизчи. 1990-жылдардын ортосунда баңги заттарга жана баңгиликке каршы күрөшүүдөгү позитивдүү тажрыйбаларды изилдөө менен дүйнө жүзүн кыдырдым. Өз көз карашымда мен кара куурайдын зыян экендигин так билген жөнөкөй кыргыз болчумун.


Бирок, элестетсеңиз, дүйнөнүн беш континентиндеги 45 мамлекеттин көпчүлүгүндө адамдар менин оюм менен кескин түрдө макул болушкан жок.


Ири корпорациялар  кара куурайдан  кымбат баалуу дары-дармектерди өндүрүп, бышык материалдарды жасашарын өз көзүм менен көрдүм. Эксперттер мага мындай деп түшүндүрүштү: кээ бир өлкөлөргө мындай кылууга уруксат берилсе, кээ бирлерине тыюу салынат.


Кыргызстанга тыюу салынган. Өлкө жетекчилиги бул жөнүндө мени менен талкуулаган  да жок ...


20 жылдан кийин БУУ марихуананы легалдаштырууга чакырганда, АКШ жана башка ондогон өлкөлөр аны кабыл алышты. Мен марихуана жөнүндө илимий-популярдуу тасманы көрдүм, тасмада бүткүл дүйнө жүзү боюнча эксперттер эчак айткан нерселер  айтылыптыр.


Ошол тасманы атайын сиздер үчүн, маңызына жараша кесип, кыргыз тилине которуп, 7 актерду үн коштоп берүүгө чакырдым. Мен баарыңарды 1 саат убактыңызды бөлүп, ойлонууга чакырам - эмне үчүн биз, кыргыздар кара куурайды жаман жана зыяндуу нерсе деп эсептейбиз?


Тасманы көргөндөн кийин комментарийлерде өз оюңуз менен бөлүшсөңүз кубанычта болом!


Келгиле, аны чогуу аныктайлы: МАРИХУАНА – ЖАМАНБЫ, ЗЫЯНБЫ? Же биздин кулагыбызга ошентип куюп коюшканбы?


Жеңишбек Назаралиев, профессор



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн