Бугу 18, 2024
Убакыт: 05:22
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жеңишбек Токторбаев: Тенгиз Бөлтүрүк кеч боло электе эсиңизге келиңиз, болбосо камаласыз

16.06.2022 11:44
817
Жеңишбек Токторбаев: Тенгиз Бөлтүрүк кеч боло электе эсиңизге келиңиз, болбосо камаласыз

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Кумтөрдүн сырттан башкаруучусу жана "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдингинин директору Тенгиз Бөлтүрүктү эсине келүүгө чакырды.


Депутаттын айтымында, Бөлтүрүк элдин акчасын өзү каалагандай пайдаланып жатат.


"Урматтуу Тенгиз Бөлтүрүк, кеч боло эсиңизге келиңиз. Мыйзам алдында бардык адамдар бирдей. Сиз өзүңүздү "хан" элестетип алдыңыз.


Ким сизге элдин акчасын оңго, солго чачканга уруксат берди. Эсиңизге келиңиз! Эсиңизге келбесеңиз сиз камаласыз. Сиз улуттук холдингди талкалап, батышка качып кетесиз",- деди депутат.


Мындан сырткары, Жеңишбек Токторбаев комитеттин көчмө жыйыны менен Кумтөргө барган учурда алган көз айнегин Тенгиз Бөлтүрүккө берип коюусу үчүн Алмасбек Абытовго өткөрүп берди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн