Бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге жардам берип жатканын айтты.
"Каныбек Капашович, (ред. Иманалиев) кандайсыз? Иштериңиз жакшы. Жылыш бар. Интернеттен көрүп, колдоо көрсөтүп, фейктерди "басып" сизге жардам берип жатабыз",- деди.
Депутат ошондой эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 5-жатаканасынын абалына "кускусу" келерин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн