9-декабрда Жер-Ынтымагы конушунун тургундарына жер тилкелери боюнча документтер тапшырылууда. Техникалык паспортторду калаа башчысы Айбек Жунушалиев өзү тапшырып жатат. Иш-чаранын алкагында конуштун 10 тургунуна техникалык паспорттор тапшырылды. "Бүгүн 10 тургунга документтерди берсек, муну 100гө, андан соң 1000ге чейин көбөйтүү керек. Көйгөйдү кагазга эле жазып койбой аны чуркап аткаруу зарыл деп айтам. Аталган көйгөйдү коомдук талкууга коюп, бир жуманын ичинде чечтик.
Биз трансформация маселеси чечилбей келе жаткан Бишкектин айланасындагы конуштарды шаардын карамагына алганы даярбыз.
Алар шаардын өнүгүшү үчүн көп салым кошот", - деди шаар мэри.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн