Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактар изилденүүдө

29.04.2020 09:26
1080
Жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактар изилденүүдө


Үстүбүздөгү жылдын башынан 25-апрелге чейин Өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг департаментинин адистери тарабынан республиканын аймактарындагы кооптуу участкаларда жалпы 429 изилдөө иштери аткарылып, анын ичинен 223 изилдөө жер көчкү процесстерине жүргүзүлдү.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Ош облусунда жалпы 207 изилдөө жүрсө, анын 141и жер көчкү боюнча жүрдү (Алай - 79, Өзгөн - 40, Кара-Кулжа - 15, Кара-Суу - 8). Жалал-Абад облусунда 161 жалпы изилдөөнүн 67си жер көчкү боюнча жүрдү (Сузак - 48, Аксы - 8, Базар-Коргон - 9). Ал эми Баткен облусунда 48 жалпы изилдөө жүрүп, жер көчкү боюнча 14 иликтөө болду жана башка региондор 13 изилдөө, 1 жер көчкү иликтенди.


Изилдөө учурунда 25-апрелге карата жер көчкүлөр салыштырмалуу стабилдүү абалда, активдешүүлөрдүн алгачкы белгилери байкалган эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн