Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 11:39
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берген Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кармалды

20.03.2023 12:44
220
Жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берген Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кармалды

Жер тилкелерин мыйзамсыз каттоого жана бөлүп берүүгө тиешеси бар Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин коррупциялык көрүнүштөрүн жоюуга багытталган тийиштүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылдын 17-мартында Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.М. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.


Эске салсак, 2022-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, жер тилкелерин жана ишеним каттарды берүү боюнча жасалма чечимдерди кабыл алуу каналына бөгөт коюу фактысы боюнча Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.М. жашаган жеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында материалдар (жазуучу машина, жазуучу машинага керектүү эски түсү жок бир рулон кагаз, жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча даяр чечимдер, эски үлгүдөгү Орок айыл өкмөтүнүн жана Сокулук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын мөөрү басылган А-4 үлгүсүндөгү кагаз) жана буюмдар табылып алынган.


Учурда расмий документтерди мыйзамсыз даярдаган каналдын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн