Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 21:54
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Жер тилкесин документтештирип берем деген. Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

13.06.2022 15:48
741
Жер тилкесин документтештирип берем деген. Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү кармалды



Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка караганда, 2022-жылдын 24-апрелинде Аламүдүн РИИБине 1960-жылы туулган Д.Т., атту жаран кайрылган. Ал 2015-жылы ишенимине кирип, алдоо жолу менен жер тилкесин ишеним кат аркылуу сатып, кийинчерээк жерди мыйзамдуу каттатып берүүнү убадалап, бирок, ушул күнгө чейин ар кандай шылтоолор менен качып жүргөнүн адамга чара көрүүнү өтүнгөн.


Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесининин (Алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.


Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, 1986-жылы туулган Т.Ж. атту жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн