Бугу 11, 2024
Убакыт: 02:42
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

#ЖерТам: “Эч ким изилдегиси келбейт”. Кочкордогу байыркы шаардын калдыктары

09.10.2023 11:18
215
#ЖерТам: “Эч ким изилдегиси келбейт”. Кочкордогу байыркы шаардын калдыктары


Жертамдын кезектеги каарманы Кочкор районунун  Кум-Дөбө айылынын тургуну Кайырбек Коңурбаев. Ал өзүнүн жеке демилгеси менен археологиялык казууларды жүргүзүп, 10-12 кылымдарга таандык делген шаардын калдыктарын тапкан. Ошондой эле, ал өзү жашаган аймактын айдоо жерлеринин үстүнө чыгып калган байыркы буюмдарды дагы казып алган. Каарманыбыз тарыхый экспонаттарды жок болуп кетүүдөн сактап калуу үчүн үйүнө музей ачып койгон. Музейдин эшиги бардык каалоочулар үчүн ачык. 



– Музейди жасаганыбызга тогуз жыл болду. Музейдин ичиндеги артефактылар, экспонаттар негизинен “Карабактын” ичи, “Кырк чоро”, “Төрткүл” деген жерибизден табылган буюмдар. 85% ошол жерден табылган. Сырттагы жер астындагы мавзолейде да 2-3 буюм бар. Биз археологиялык казып алуу кылбай эле, тракторлор айдап кеткенден кийин, сугарып жатканда арыктын ичинен табылган нерселерди, элдин колундагы нерселерди алып келип чогултуп койдук. Азыр методологиялык бөлүм дегендер алып жүрүшөт. Алар келгенде барып, кыдырып, үстүнөн табылган буюмдарды бул жакка койдук. Эми бул жерде кыргыз элине мүнөздүү, кыргыз элинин буюмдары бар. 



Кызыгы каарманыбыз кесиби боюнча айыл чарба адиси. Бирок тарыхты сүйгөн Коңурбаев бул өзү ачкан музейге бир жарым миңден ашык тарыхый экспонаттарды чогулткан. Азыр музейде байыркы идиш-аяктар, кумуралар, байыркы аспаптар, таштар, тыйындар, жебелер жана ат жабдыктары бар: 

– Мына бул урандар 748-жылкы Кытайлардын келип, шаарды талкалагандагы дубал бузган куралдары. Мындай куралдар “Ак-Бешимден” табылганбы билбейм. Мен “Ак-Бешимден” табылган буюмдары карап отурам, бирок ал жерде жок. Ал эми бул жерде мындай таш куралдарды кыргыздын музейлеринен да көрө элекмин. Бул карападан жасалган казан. Биз тапкан жерден экскаватор казып жатканда балдар айтканынан барсак, адегенде толук эле алып чыкканбыз. Сыртка коюп, күнгө койсок кургаган кезде ажырап түшүп калды. Бул ошонун калган калдыгы. Бул май куйулчу чырак. Канчанчы жылга таандык экени белгисиз. Бул болсо чот деп коет. Бул таш куралдардын формалары илгери жасалган. Таш доорунан бери келе жаткан буюмдар. Биз болжолдуу 80-100 миң жыл деп айтабыз. 



Коңурбаевдин айтымында, бул экспонаттар жөн гана илгерки буюмдар эмес. Каарманыбыз кырк жыл бою өз алдынча изилдөө жүргүзүп, бул өрөөндө жер алдында изилдене элек байыркы шаар жатат деген тыянакка келген. Музейдеги буюмдарды дал ушул жер алдында жаткан  байыркы шаардын калдыктары деп эсептейт:

– Бул жерде менин гипотезам боюнча Суяб, Ордокент, Кашкар шаарынын калдыктары. Сепилдин ичиндеги шаар айдоонун астында бышкан кыштан салынган үйлөр бар. Мен ушул 36 гектар аянттын ичинен 15тей жерде бышкан кыштан салынган үйлөрдүн изин билем. Бала кезимден ошондойлордун ичине кирип ойночубуз. Кийин 70-жылдарда бульдозер менен анын баарын түзөтүп, талкалап, айдоо кылып, кайсы жерде үйлөр бар экени азыр билинбей калды. Бирок азыркы жаңы техника менен астын билүүгө болот. Эмне учун Суяб шаары бышкан кыштан салынган деген нерсеге келгенде, орус окумуштуусу, тарыхчы Бартольд Кыргыз каганаты чоң мамлекет болгонун айткан да. Мамлекет болгондон кийин мамлекеттин борбору кайда? Менин изилдөөм боюнча ошол борбору мына ушул жерде. 



Кайырбек Коңурбаевдин өрөөндүн астында байыркы шаар жатат деген теориясын бул жер алдынан бышкан кыштан салынган байыркы курулуштун табылганы дагы далилдейт:

– Бул өзү кыргыз элдин тарыхы. Менин оюмча, бул жердин астына 4 метр казылып, курулган нерсе экен. Анан сырттагы турган таблица менен ичинден чыккандар боюнча, Кара кытайлар сөөктөрү талкаланып жок болгон. Менин оюмча бул өзү ханака. Туркистанда Хожа Ахмет Ясеви 63 жашка чыкканда  “Мен Мухаммед Пайгамбардан ашыкмынбы? Мен кеммин” деп жер астына ханака куруп, кирип зикир чалып кеткен мүдүрлөрү менен. Так ошондой ханаканын курулушуна окшошот. Себеби жер астын казып, сыртын эптеп жаман кыш менен коюп, бирок ичин кооз кылып жасап, полун кафелдеп коюшу бул күмбөзгө окшошпойт. Бул өзү ханакага окшошот. Бул 960-жылдан кийинки мусулманчылыкка өткөн кыргыздардын Кара кытайлар ээлеген кездеги өздөрүнүн пайдаланган, тордогон адамдары болгон деп ойлойм. 



Бул байыркы курулушту Коңурбаев көп жыл изилдеп чыккан. Ал тарыхый фактыларга таянып, бул курулуш Караханиддер дооруна таандык деп эсептейт. Мындан улам ал айтып жаткан жер алдындагы шаар Баласагын, Суяб шаарлары болушу мүмкүн. Бирок учурдагы Кыргызстандын тарыхында аталган Баласагын, Суяб шаарлары Чүй өрөөнүндө болгон деп жазылган:  

– Кара кытайлар, кидандар 100-150 жыл эле ушул тегеректе болгон. Ошол мезгилде мындайды алар кура алмак эмес. Алар кыргыздар мурун куруп койгон нерсени ээлеп алып туруп, анан өздөрүнүн өлүк коюу жөрөлгөсүн ушул жерде жасаган. Шаарлардын бул жерде болгонун мен далилдеп жатам. Башка окумуштуулар ага каршы чыгат. Анткени 45 жылдан бери изилдеп, окуп отуруп жердин шартына карап, Баласагын, Суяб жөнүндө жазган окумуштуулардын, Гумилев, Бартольд, Бернштам, Горячеваныкын, биздин окумуштуулар Караевдикин, Өмүрбековдукун, Чоротегиндикин салыштырып, карап отуруп ушул жыйынтыкка келдим.



Учурда бул курулуш атайын тосууга алынган. Коңурбаев бул байыркы курулушту изилдөө керек экенин айтып  далай мамлекеттик мекемелерге, тарыхчы, археологдорго кайрылган. Бирок алардан  эч кандай жооп ала алган эмес. 2017-жылы гана Коңурбаевдин үнү чет элдик ТИКА уюмуна жетип, уюм бул тарыхый курулушту изилдөөгө жана аны сактап калуу үчүн каражат бөлүп берген: 

– 2015-жылы кайра казып киришти. Тиги дубалды бузуп киришти. Президенттик аппаратка, Кыяс Молдокасымовго чейин чыгып, алар келип көрүштү. Ага чейин 2009-жылдан бери Кубат Табалдиев Манас университетинде археолог менен байланышым бар эле. 2011-жылы бул жерге чакырып, келип көрүп кетишкен. Ошондон баштап 2017-жылга чейин 6 жыл Кубат Табалдиевдин артынан барып жаттым. Эмне кылабыз деп. 2015-жылы Туркиянын ТИКА уюмунун кишилерин алып келип, көрсөткөнбүз. Ал уюмдун каржылоосу 2017-жылды июлда гана бөлүнүп, Кыргыз-Турк Манас университетинин студенттери казып башташты. Айылдагы балдарды дагы коштук. Күнүнө отуздан ашык киши иштеп жатты. 2017-2018-жылдары 3 айдан 6 ай казылды. 2019-жылы бир ай казып, ошону менен бүттү. Казып жаткан учурда үстү да жабылды.    

Ошондой эле каарманыбыздын айтымында, Кочкордун бул өрөөнүндө Кыргыз каганаты жашаганын далилдей турчу дагы далай байыркы үйлөрдүн калдыктары, күмбүздөр бар. Бирок ал тарыхый мурастар бүгүнкү күнгө чейин изилденбей эле жатат. Себеби эч ким кызыкдар эмес:



– Кыргызстан боюнча мындай бышкан кыштан салынган шаарлар жок. Ушул жерде эле бар. Бул жерде мен 10-15тей үйдүн изин билем. Сырттагы жанагы мен Баласагын деп айтып жаткан жердин бир талаасын кыдырып, отуздай үйдүн ордун билем. Анын баарынын узундугун, координаттарын баарын таап коюп, анан эч кандай аппарат жок, георадардын кереги  жок эле жерди казса эле 20 смдан кийин дубалдар турат. Биз 2021-жылы бир жерди казып көрдүк. 60 сотка жерде 15 дубал чыкты. 20 эле смда. Азыр ошол жерге картошка, буудай, арпа айдап жатышат. Жылдан жылга талкалап, бирден катмар сынып жок болуп жатат. Какшап айтып жатсам деле эч көңүл бурбаган биздин академияда Асанканов баш болуп, эмне иш кылып жатышат билбейм. “Мурас” фонд деген бар. Кыяс Молдокасымов былк этпейт. Кыргыз тарых коому деген бар. Кимисине барып жаман көрүнөм? Академияга барсам алар мени тилдеп, кое берди. Эмне ишиң бар? Муну деген кесипкөйлөр изилдейт, сага окшогон көчөдө жүргөн киши эмес деп. 

Ага карабай каарманыбыз өзү тапкан археологиялык жана архитектуралык эстеликтерди өз алдынча изилдөөнү бүгүнкү чейин улантып келет. Ал 74 жашта болсо дагы интернетти мыкты өздөштүрүп алган. Өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына изилдөөлөрүн чыгарып, тапкан тарыхый экспонаттары жөнүндө социалдык тармактардан бөлүшүп турат:



– Социалдык тармак мага жакшы жардам берди. Мен Марк Цукербергге рахмат айтам. Анткени бул киши болбосо Фейсбукка чыгармак эмесмин. Гезит издеп , көрннгөнгө жалдырап, Союздагыдай гонорар алмак турсун, кайра акча төлөп, анан басмага чыкмакмын. Ага пенсионердин чамасы кайдан. Социалдык тармак аркылуу билинип жатат. Фейсбукта баардык группаларга таратам. Кыргыз элинин тарыхы билинсин деген нерсе оюмдан кетпейт. 

Ошондой эле Кайырбек Коңурбаев жогоруда айтып берген жер алдында жаткан шаар тууралуу өзүнүн теориясын кагаз бетине түшүрүп китеп кылып дагы чыгарган: 

Окумуштуулардын айтымында, Кыргызстандын аймагында тарыхый мааниге ээ жүздөгөн археологиялык жана архитектуралык эстеликтер жайгашкан. Али тактала элек, белгисиз аймактар дагы бар. Бирок каражаттын тартыштыгынан  алар кайсы доорго таандык экени изилденбей, музейлерге тапшырылбай эле жок болуп кеткен учурлар көп кездешет. 


Булак: ПолитКлиника

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн