Жергиликтүү жетекчилер болгон күчүн, административдик ресурсту колдонуп, келе жаткан шайлоого иштетип жатат. Мындай пикирин ЖКнын депутаты Самат Исманов бүгүнкү жыйында билдирди.
"Жергиликтүү шайлоого жергиликтүү бийликтин катышуусу... Эч нерсе өзгөрбөптүр. Бюджеттин эсебинен жасалган нерсени өзүнө жазганы ал башкасы, эми муниципалдык ишканалардын чоңдорун, мэриянын кызматкерлерин, квартал башчыларын баарын бир партияга иштетип жатышканын угуп жатабыз. Жергиликтүү жетекчилер болгон күчүн, административдик ресурсту колдонуп, келе жаткан шайлоого иштетип жатат”- деди эл өкүлү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн