Бугу 13, 2024
Убакыт: 18:48
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Жергиликтүү бийлик өндүрүш компанияларына шарт түзүшү керек, - Боронов

08.05.2020 14:31
961
Жергиликтүү бийлик өндүрүш компанияларына шарт түзүшү керек, - Боронов


Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өндүрүш компанияларынын ишмердүүлүгү үчүн тийиштүү шарттарды түзүү маселесине басым жасоого тийиш. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын жыйынында билдири.


Анын айтымында, айрым тоо-кен компаниялары алардын ишине тоскоолдук келтирген маселелерди айтууда. 


«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өндүрүш компанияларынын ишмердүүлүгү үчүн тийиштүү шарттарды түзүшү зарыл. Келип түшкөн маалыматтарга ылайык, бул багытта иш жетишсиз деңгээлде жүрүүдө, ошондуктан бул маселеге көңүл бурууга чакырам. Мындан тышкары, экономикалык ишмердүүлүктү жандантуу иши Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын так аткаруу менен коштолуусу тийиш экендигин дагы бир ирет белгилеп кетким келет. Ал талаптарга ылайык, жумушчулардын ортосундагы аралык болжол менен 1,5 метрди түзүүсү, бөлмөлөрдү тез-тез желдетүү, санитайзерлерди орнотуу, беткаптарды кийүү жана башка санитардык талаптарды аткаруу керек. Уюмдардын жетекчилери жумуш ордундагы санитардык-эпидемиологиялык абал жана өз кызматкерлеринин ден-соолугу үчүн толук жоопкерчилик алат», - деди Кубатбек Боронов. 


Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов республикадагы учурдагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу айтып берди. 


Жыйындын жүрүшүндө тармактык кызматтарга жарандардын үй карантинин сактоолоруна жана эпидемиологиялык иштер боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн