Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:58
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жергиликтүү депутаттар Мадиген-Самаркандек жолун оңдоо өтүнүчү менен президентке кайрылуу жасады

06.05.2021 16:53
1093
Жергиликтүү депутаттар Мадиген-Самаркандек жолун оңдоо өтүнүчү менен президентке кайрылуу жасады

Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаттары Мадиген - Самаркандек жолун тез арада оңдоп-түзөө иштерин бүткөрүү өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу АКИпресс билдирди.


Кайрылууда депутаттар мамлекет техника жагынан (грейдер, КАМАЗ ж.б.) жардам берсе, күйүүчү майды өздөрүнүн каражатынан көтөрөрүн айтышкан.


Төмөндө кайрылууну өзгөртүүсүз сунуштайбыз:

«Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго

КАЙРЫЛУУ


Урматтуу президент!

Лейлек районунун Кулунду, Бешкент жана Жаңы-Жер айыл аймактарында жашаган элдин Баткен облусунун борбору менен байланышын жеңилдетүү максатында Маргун — Мадиген — Самаркандек жолун тез арада оңдотуп берүүңүздү талап кылабыз. Анткени чек арада жашаган элибиз Тажикстан тараптын 29-30-апрелдеги агрессивдүү кол салуусунан кийин жеке коопсуздугу үчүн өтө тынчсызданып баштады.

Аталган жолдун азыркы абалы эч бир талапка туура келбейт. Андыктан сиз керектүү техникаларды камсыздап берсеңиз, өзүбүз акча чогултуп, күйүүчү майын камсыздап, калган жумуштарын ашар жолу менен бүтүрүп алабыз.


Урматтуу президент!

Биздин көйгөйгө кайдыгер карабайсыз деген терең ишеничтебиз».


Жаңы — Жер айылдык кеңешинин депутаттары:

Эрматов Калыкул Ахмадалиевич

Салимбекова Сапаргул Абдулатиповна

Тургунова Айнура Абдыразаковна

Гапурова Алиман Убайдуллаевна

Муратов Акжол Тавакалович

Аширматова Гулмира

Тургунов Кубанычбек Абдыразакович

Айбалаев Кыдырбек Каримович

Салимбеков Кенжебек Салимбекович

Саттаров Миңжигит Жунусович

Тайирова Ранохан Миролиевна

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн