Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 09:30
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жергиликтүү кеңеш: Добуштарды кол менен саноо аяктады

11.04.2022 12:14
7642
Жергиликтүү кеңеш: Добуштарды кол менен саноо аяктады

2022-жылдын 10-апрелинде өткөн 3 шаардык жана 13 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо участокторунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноо аяктады. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, УШКлардын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдору ж.б. шайлоо документтери участкалык комиссиялар тарабынан аймактык шайлоо комиссияларына жеткирилип, акт боюнча өткөрүлүп берилди.


Шайлоочуларды идентификациялоо тууралуу отчеттордун, АЭУдан алынган жыйынтыктар тууралуу отчеттордун, добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноо тууралуу протоколдордун сканерленген көчүрмөлөрү БШКнын сайтында “Маалыматтык шайлоо тутумунда” (https://newess.shailoo.gov.kg) жарыяланды.


Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу УШКлардын чечимдерин даттануунун мөөнөтү – 3 күн, даттануулар аймактык шайлоо комиссияларына берилет.


Аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) УШКлардан түшкөн протоколдордун негизинде жалпысынан кеңештин аймагында добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарып, кеңеш боюнча депутаттарды шайлоонун натыйжаларын аныктайт.


Чечим кабыл алууда шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө бузуулар жөнүндө түшкөн даттанууларды (арыздарды) милдеттүү түрдө карайт жана мыйзамга ылайык чечимдер кабыл алат.


АШКлардын чечимдери 3 күн ичинде БШКга даттанылат.


“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесине ылайык, ар бир жергиликтүү кеңеш боюнча депутаттарды шайлоонун натыйжалары АШКлар тарабынан добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныкталат (2022-жылдын 30-апрелине чейин).


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн