Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:28
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жергиликтүү кеңешке катышкан партиялардын күрөө акчасы кайсы учурда кайтарылат?

11.03.2021 08:55
672
Жергиликтүү кеңешке катышкан партиялардын күрөө акчасы кайсы учурда кайтарылат?

Күрөөгө коюлган 50 миң сом добуштардын 15 жана андан көп пайызын алган саясий уюмдарга гана кайтарылып берилет. Бул тууралуу Бишкек Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирген.


"Мыйзамда каралгандай, 50миң сом күрөө акчаны 15%дан көп добуш алган партиялар гана ала алышат. Ал эми мандатка ээ болуп бирок пайыздык үлүшү 15%га жетпесе аларга кайтарылбайт.

Мындан сырткары, бюллетен даяр болгонго чейин шайлоого катышуудан баш тарткан жеке талапкерлерге да, партияларга да күрөө акчасы кайтарылат",- деди Маматов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн