Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:31
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жергиликтүү кеңештердеги мандаттардын санын көбөйтүү сунушталды

01.08.2024 10:38
125
Жергиликтүү кеңештердеги мандаттардын санын көбөйтүү сунушталды


Жергиликтүү кеңештердеги мандаттардын санын көбөйтүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга чыгарылды.


Демилгечи депутат Марлен Маматалиев административдик-аймактык реформадан кийин айыл, шаарларда калктын саны өзгөргөнүн, жергиликтүү депутаттар дагы ошого жараша болушу керектигин белгилеген.


Мыйзам долбоорунда төмөндөгүлөр сунушталган:

- Бишкек, Ош шаарларынын кеңештери:

- 500 миңге чейин — 45 депутат, андан ашса 51 депутат;

- шаардык жана айылдык кеңештер:

- 6000ге чейин — 11 депутат, андан ашса 21 депутат;

- 20 миңден ашса — 31 депутат;

- 70 миңден ашса — 41 депутат.


Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров "Административдик-аймактык реформанын алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Ага ылайык, жергиликтүү кеңештер таркатылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн