Бүгүн, 12-мартка караган сааттан баштап шаардык кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Айылдык кеңештерде үгүт иштер 22-марттан башталат. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, талапкерлер өз аймактарында шайлоочулар менен жолугуп, интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн программасы менен тааныштыра алышат.
Үгүт өнөктүгү 9-апрелге чейин уланат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт.
Бул күнү Кыргызстандын 28 шаардык жана 420 жергиликтүү кеңешке шайлоо болот. Шаардык кеңештер үчүн 59 саясий партия ат салышууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн