Бугу 01, 2024
Убакыт: 00:37
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Жергиликтүү кеңештерге чиновниктердин балдары ат салышып жатканы "мода" болууда (ФОТО)

18.03.2021 12:47
2054
Жергиликтүү кеңештерге чиновниктердин балдары ат салышып жатканы "мода" болууда (ФОТО)


Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды. Учурда шайлоо кампаниясы өтө кызуу жүрүп жаткан маалым. Бул жолку жергиликтүү кеңешке шайлоо Жогорку Кеңештин депутаттыгына добуш алуу үчүн жарыштан кем калган жок окшойт.


Ошондой эле бул шайлоо азыркы жана мурдагы чиновниктердин балдары катышып жатканы менен өзгөчөлүү жана кызык болуп жатат.


Эң кызыгы былтыр октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөөрдө “биз шайлоого барбайбыз” деп элге көкүрөк какканы менен артынан балдарын түртүп, депутаттык кресло алып берүүгө жан үрөгөн экс-чиновник Дүйшөн Чотонов, “жаштар келет, биз барбайбыз” деген экс-депутат Өмүрбек Текебаев сыяктуу саясатчылар болгон. Бул жолу да кийинки шайлоолордо эл тарабынан колдоо таппай калаарына же мындан ары майлуу орундарда өздөрүн көрүүдөн күмөн санагандар депутаттык орундарга балдарын түртүп, жандалбас аракетин кылышууда.


Алардын мындай кадамдарын артындагы мыйзамсыз иштерин жаап жашырып калууга көрүлгөн камылга деп баалагандар жок эмес. Коомчулукта аты аталып, талкууга айланып жаткан талапкерлерди санай турган болсок:


Бишкек шаардык кеңешине – ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы Наргиза Жолдошбаева;



депутат Закир Шараповдун кызы Жибек Шарапова;



депутат Эмил Токтошевдин жубайы Рысгүл Акимжанова;



депутат Исхак Пирматовдун бир тууганы Асель Пирматова;



экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев;



мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу Кубанычбек Конгантиев;



ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун кызы Элнура Асанова;



эск-депутат Мамытбай Салымбековдун уулу Жумабек Салымбеков;



Экс-депутат Исхак Масалиевдин кызы Каныкей Масалиева;



БШКнын мурдагы төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун уулу Акжол Абдраимов;



“Замандаш” партиясынын мурдагы төрагасы маркум Мухтарбек Өмүракуновдун уулу Аскар Өмүракунов


жана башкалар.


Ал эми Жалал-Абад шаардык кеңешине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев ат салышып жатат.


Албетте, жергиликтүү кеңешке же башка шайлоолорго катышууга карапайым адамбы же башкабы бирдей укуктуу. Андыктан, бардык талапкерлерге ийгилик каалоо менен эл үчүн, мыйзамдуулук үчүн жана өсүп-өнүккөн, бакубат Кыргызстан үчүн иштеп берген депутаттар болуусуна тилектеш бололу.  

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Урпактан урпакка откон бийлик байлык