Жетинин айы 15, 2024
Убакыт: 20:24
USD
86.35
86.85
EUR
90.60
91.60
RUB
0.860
0.895

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Акылбек Жапаров республикалык штабдын жыйынын өткөрдү

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Акылбек Жапаров республикалык штабдын жыйынын өткөрдү


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депуттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын жыйынын видео байланыш аркылуу өткөрдү.

Жыйынга президенттик администрациянын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгы, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы, министрликтер, мамлекеттик комитет, агенттик, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери катышып өз тармактарында шайлоого карата аткарылган иштер жана даярдыктар тууралуу маалымат беришти.

Анда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул жолку шайлоону уюштуруу жана өткөрүүгө байланышкан маселелер боюнча жалпы маалымат берсе, ал эми ички иштер министри Улан Ниязбеков, азыркы учурда жалпы республика боюнча коомдук-саясий абал туруктуу экенин айтып, шайлоо учурунда өлкөнүн бардык аймактары боюнча коомдук тартипти 2443 шайлоо участкаларында 15 миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөөрүн билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү кеңештерге депуттарды шайлоо учурунда, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, шайлоочулардын катышуусун көзөмөлдөө, шайлоо участкаларында жарандар үчүн шарттарды түзүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды мамлекеттик ведомстволордун жетекчилерине берип, өз тармагында жоопкерчиликтүү болууга жана анын жыйынтыгы менен жетекчилерге баа берилээрин билдирди.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таратуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” президенттин жарлыгына ылайык, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн