Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жергиликтүү кеңештин шайлоосун токтотуу канчалык мыйзамдуу?

22.04.2020 13:18
1049
Жергиликтүү кеңештин шайлоосун токтотуу канчалык мыйзамдуу?


Саясий жана юридикалык илимдердин доктору, профессор Канатбек Азиз жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону токтотуу тууралуу чечимдин мыйзамдуулугу тууралуу өзүнүн оюн билдирди.


- COVID-19дун жайылышынан улам Кыргыз Республикасынын аймактарында өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу, Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 21-мартындагы № 6 чечимин көңүлгө алып, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, шайлоо комиссияларынын жана коомчулуктун кайрылууларын эске алып, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоону камсыз кылуу, шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу максатында президент Сооронбай Жээнбеков 12-апрелге дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды токтотуп туруу жөнүндө жарлыкка кол койгон.


Мамлекет башчысы муну жетекчиликке алып, адам, анын өмүрү, ден соолугу жана аларды коргоо адам укугу жана эркиндиги болуп саналарына карабай Ош, Каракол, Майлуу-Суу, Токмок, Балыкчы шаарларында жана Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын айрым райондорунда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону токтотту. Ошондой эле шайлоо алдындагы үгүт иштери кызуу жүрүп жаткан мезгили экенине караган жок.

Президент Конституцияны буздубу?

Бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер жана эксперттер ынангандай, улуттук мыйзамдарда мындай учур, тактап айтканда жергиликтүү кеңешти шайлоону токтотуу боюнча президентке, же Борбордук шайлоо комиссиясына жана башка мамлекеттик бийлик органдарына ыйгарым укуктар чындыгында каралган эмес. Алар “шайлоо тыныгуусу” режимин эмес, толук токтотуу чечими туура деп эсептешүүдө.


Президент Сооронбай Жээнбеков Конституцияны бузуп жатканы, же өзүнүн кызматтык ыйгарым укугунан пайдаланып жатканы тууралуу суроого аргументтүү жооп берүү үчүн прецедент катары укуктук жана саясий позицияда кароо туура болот.


Мыйзам чыгаруучулар эмне дейт?


Өзгөчө абал кирген мезгилде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого тыюу салуу ар кандай талкуулардын жаралышына себеп болду. Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин чечими боюнча өзгөчө абал жарыялоо менен алдыда ички жана тышкы жеке турмуштук маанилүү кызыкчылыкка коркунучтарды аныктоо милдети турат. Бирок мындай чечимди кабыл алууга президенттин ыйгарым укугу барбы деген суроо турат.


Контитуциянын 64-беренесинде так көрсөтүлүп турат, президент жергиликтүү кеңешти шайлоону дайындайт жана каралган мыйзамдарга ылайык тарата алат. Ал эми шайлоону токтотуп коюу тууралу Баш мыйзамда бир дагы сөз жок. Бирок калыстык үчүн айтып коюу керек, өзүнүн жарандарынын өмүрү жана ден соолугун капарга албай коюуга мамлекет башчысынын дагы, башка мамлекеттик бийлик органдарынын дагы укугу жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн