Бугу 02, 2024
Убакыт: 21:04
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерге карата талаптарды күчөтүү сунушталууда

16.08.2023 11:48
402
Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерге карата талаптарды күчөтүү сунушталууда


Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги 2023-2027-жылдарга өлкөнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Документ коомдук талкууга коюлду.


Иштеп чыгуучулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийликтин негизги жана маанилүү звеносу жана жарандардын мамлекеттик башкарууга катышуусунун формасы экенин эске салышат. Демек, эмне үчүн жергиликтүү кеңештин депутатынын ишенимин актабаган учурда аны кайра чакыртып алуу боюнча укуктук ченемдер жана уюштуруу чечимдери жок экендиги түшүнүксүз. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге жетишээрлик жогорку квалификациялык талаптар коюлбайт: аларга жогорку билим тууралуу дипломдун кереги жок.


Демилгечилер бул пункттарды оңдоп, тургундарга жергиликтүү кеңештин депутатын чакыртып алуу укугун берүүнү жана талапкерлерден ЖОЖду аяктагандыгы тууралуу күбөлүк берүүнү талап кылууну сунуштап жатышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн