Бугу 15, 2024
Убакыт: 18:29
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жергиликтүү кеңештин шайлоосунун расмий жыйынтыгы качан чыгары белгилүү болду

13.04.2021 08:48
1102
Жергиликтүү кеңештин шайлоосунун расмий жыйынтыгы качан чыгары белгилүү болду

11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештин шайлоосунун расмий жыйынтыгы 2-майга чейин чыгат. Бул тууралуу 24.кг агенттиги БШКга таянып билдирди.


Маалыматка ылайык, 20 күндүн ичинде аймактык шайлоо комиссиялары түшкөн арыз жана протоколдорду толук текшерүүгө тийиш. Андан кийин маалыматтар БШКга түшөт.

Эгер кандайдыр бир одоно мыйзам бузуу жана массалык добуш сатып алуу катталган болсо, партия же талапкер шайлоодон четтелиши мүмкүн.


Эскерте кетсек, 11-апрелде республика боюнча 420 айылда жана 28 шаарда жергиликтүү кеңештин шайлоосу болуп өттү.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жээнали Абылкасымов
Ага чейин чыгарса болбойбу?