Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:51
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

12.03.2020 18:01
812
Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды


Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку сотко 1 талапкер, Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү сотторуна талапкерлерди дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.


Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президенттин атына судьяларды кызматтарына дайындоо боюнча сунуштар келип түшүп, 2020-жылдын 5-мартында Мамлекет башчысы айрым талапкерлер менен маектешүү өткөргөн. 


Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Жогорку сот менен бирге судьялык кызматка 10 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди.


Мамлекет башчысы бир талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды кеңешке кайтарып берди.


Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 9 талапкер боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти чыгарган Жарлыктарга ылайык, дайындалган судьялар милдетин өтөөгө төмөнкү сотторго жиберилди.


Бишкек шаары:

Ленин райондук сотуна: Жолдошова Мээрим Адамжановна;


Ош облусу:

Кара-Суу райондук сотуна: Арзиев Марс Мусаевич;


Жалал-Абад облусу:

Жалал-Абад шаардык сотуна: Суханбердиев Данияр Абдамитович;


Талас облусу:

Кара-Буура райондук сотуна: Таджибаева Тахмина Саматкановна;


Ысык-Көл облусу:

Ысык-Көл облустук сотуна: Сатимкулов Убайдулла Акилбекович, Шукуралиев Альгис Рыспекович;

Ысык-Көл райондук сотуна: Казаков Кеңешбек Осмонович;

Түп райондук сотуна: Джолбунов Нурбек Болотбекович;


Чүй облусу:

Ысык-Ата райондук сотуна: Джунушева Назгуль Турусбековна.


Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн