Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгү оптимизацияланды

23.06.2020 13:22
1057
Жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгү оптимизацияланды

 

Президентке караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин чечимдерин ишке ашыруунун алкагында Жогорку сот жана аталган кеңештин бир катар мүчөлөрү тарабынан жүктөмү азыраак айрым жергиликтүү соттордун штатын кыскартуу жана аларды көбүрөөк жүктөм жүктөлгөн сотторго берүү аркылуу соттордун штаттарын оптималдаштыруу боюнча сунуштар киргизилген.


Сунуштарды кылдат иликтеп чыккандан кийин жана аларды этап-этабы менен ишке ашыруу, соттордун жүктөмүнө эсептөө жана алардын ишин оптималдаштыруу максатында бул сунуштар мамлекет башчысы жана мыйзамдын тиешелүү долбоорун демилгелеген Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары тарабынан колдоого алынган.


Тактап айтканда, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан «КР жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун штаттык санын бекитүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамынын кабыл алынышы демилгеленген, ал 2020-жылдын 9-июнунда күчүнө кирген.


Бул мыйзам жүктөмү азыраак айрым жергиликтүү соттордун штатын кыскартуу жана аларды көбүрөөк жүктөм жүктөлгөн сотторго берүү аркылуу соттордун штаттарын оптималдаштырууну карайт.


Мында жергиликтүү соттордун судьяларынын жүктөмүн теңдештирүүгө жана жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле судьяларды көбүрөөк оорчулук жүктөлгөн жергиликтүү сотторго ротациялоого өбөлгө түзөөрү болжолдонууда.


Аталган мыйзамга ылайык, КР Судьялар кеңеши белгиленген тартипте тиешелүү жол-жоболорду ишке ашырган жана 2020-жылдын 12-июнунда жергиликтүү соттордун 48 судьясын которуу (ротациялоо) тууралуу чечим кабыл алган жана аны андан ары Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна сунуштаган.


Судьяларды которуу (ротациялоо) маселеси Конституциянын 95-беренесинин 6-бөлүгү жана «Соттордун статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 23-беренеси менен жөнгө салынган.


Жогоруда аталган конституциялык мыйзамдын 23-беренесинде тиешелүү тартип аныкталган, анын ичинде судьялардын штаттык санын өзгөртүү сыяктуу аныктама белгиленген.


Бул учурда Судьялар кеңеши судьялардын штаттык бирдиктери бериле турган сотторго которууга (ротациялоо) тиешелүү пикирлерин угат. Судьялар кеңешинин судьяларды которуу (ротациялоо) боюнча чечими бардык жагдайларды жана алардын жаңы иш ордунда иштөө мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кабыл алынат.


Мында белгилүү бир мөөнөткө дайындалган жергиликтүү соттордун судьяларын которуу (ротациялоо) алардын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтөрү боюнча жүзөгө ашырылат.


Судьяларды которуу (ротациялоо) жөнүндө чечим Судьялар кеңеши тарабынан кабыл алынат жана тиешелүү жарлыкты чыгаруу үчүн КР президентине жөнөтүлөт.


Жогоруда белгиленгендерди эске алып, президент Сооронбай Жээнбеков Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде кеңеш тарабынан сунушталган судьялардын талапкерлигин өлкөнүн тиешелүү жергиликтүү сотторуна которуу тууралуу тиешелүү жарлыктарды чыгарды.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн