Бугу 07, 2024
Убакыт: 19:48
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

21.07.2020 13:15
783
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды


КР Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 10 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген материалдарды эске алуу менен КР президенти судьялык кызматка 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди.

Мамлекет башчы 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 9 талапкер боюнча КР Президентинин жарлыктары чыккан.

Биринчи Жарлык менен тандалып алынган 9 талапкер КР Конституциясында белгиленген мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалды.

Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар Биринчи май райондук сотуна судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилди:

— Боромбаев Абдуразак Эсентаевич;

— Жаныбек кызы Венера;

— Исаева Кундус Кедейкановна;

— Каипов Эмилбек ӨскӨнбаевич;

— Калыбаев Алмаз Жээнкулович;

— Сатарова Айнура Мелисовна;

— Сыдыков Марат Райымбекович;

— Термечиков Мирлан Арстанбекович;

— Уметова Айгүл Таштанбековна.

Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн