Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:06
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

06.01.2021 21:25
687
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан КР президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун дарегине Бишкек шаарынын кээ бир райондук сотторуна, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен, Талант Мамытов судьялык кызматка 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.


Президенттин милдетин аткаруучу 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө Жарлыктарды чыгарып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:


Бишкек шаары:


Октябрь райондук сотуна:


Жарматова Айдай Жарматовна;

Жолдошбаев Мирлан Эргешбаевич;


Свердлов райондук сотуна:

Абыкеев Талайбек Капарович;

Байдаева Лейла Алиевна;

Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич;


Ленин райондук сотуна:

Өмүралиев Мелис Асанбекович;

Тентимишов Марлен Бактыгулович.


Ысык-Көл облусу:


Ысык-Көл облустук сотуна:

​Мырзаканова Бермет Низамидиновна.


— Нарын облусу:


Нарын облустук сотуна:

Алыбаев Замир Эрнисбекович.


Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн