Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:12
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялары дайындалды (тизме)

06.02.2024 12:27
240
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялары дайындалды (тизме)


Жергиликтүү сотторго бир катар судьялары дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КРнын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине айрым жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 8 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Ал эми 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, анын материалдары Кеңешке кайтарылды.

Президенттин 8 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө Жарлыктары чыкты, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Баткен облусу
Баткен облустук соту
• Апышев Алмазбек Апышевич;

– Ош облусу:
Ош облустук соту
• Джаналиева Миргүл Джаныкеевна;

Кара-Суу райондук соту
• Кемелова Жылдыз Дуйшенбековна;

– Чүй облусу
Чүй облустук соту:
• Абдиева Тынара Курмантаевна;
• Абдырашитов Тилек Арстанбекович.

– Ысык-Көл облусу:
Ысык-Көл облустук соту
• Кокшенова Сымбат Темирбековна

Ысык-Көл облусунун административдик соту
• Абдыкадырова Зарина Омаровна;

– Бишкек шаары
Ленин райондук соту
• Аттокуров Жолдошбек Абдрахманович.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн