Аксы аймактык ооруканасына жеке ишкер Мурат Арстанбаев 15 кычкылтек концентраторун тапшырды. Бул тууралуу Бекмамат Абдумалик Уулу аттуу фейсбук колдонуучу билдирүү калтырды.
“Жеке ишкер Мурат Арстанбаев агабыз Аксы аймактык ооруканасына 15 кычкылтек концентраторун белекке бериптир. Ишкер агабыз элдин саламаттыгы үчүн өз каражатына медициналык жабдыкты алып берген. Ишкер Мурат Арстанбаев буга чейин районго 2 миң кап ун, 5 миң беткап тапшырган эле. Кийин медициналык каражаттарды дагы берген”, - деп жазды ал.
Маалыматка таянсак, Аксы аймактык ооруканасында буга чейин 40 кычкылтек концентратору болгон. Кийин дагы 40 кычкылтек концентратор белекке берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн