Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:32
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жергиликтүү тургундар тарабынан жабылган Арал-Кочкор жолу ачылды

13.12.2021 10:07
462
Жергиликтүү тургундар тарабынан жабылган Арал-Кочкор жолу ачылды

Нарындын Жумгал районунда жергиликтүү тургундар Баш-Кууганды - Эпкин автожолунда тейлөө иштери тынымсыз жүргүзүлүп турсун деген талап коюп, Арал - Кочкор жолун тосуп чыгышкан.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-декабрда Жумгал районунда болгон жол кырсыктардан улам Арал-Кочкор автожолун тосууга келген элдердин талаптарын Жумгал райондук милициясынын башчысы У.Коноев жана райондук администрациясынын аппарат жетекчиси М.Тентиев угушуп, нааразы болгон элдерге түшүндүү иштерин жүргүзүшкөн.


Тургундар Баш-Кууганды - Эпкин автожолунда тейлөө иштери тынымсыз жүрүп туруусун талап кылышкан.


“Жолугушууга келген Түндүк-Түштүк альтернативдик коридоруна кирген Баш-Кууганды - Эпкин автожолун оңдоп түзөө иштерин жүргүзүп жаткан ишкана жолду толугу менен тейлөөнү жана жолго суу сээп турууну, түртүп түздөп турууну үзгүлтүксүз колго алыша тургандыгын билдирди. Ал эми алардын жолду тейлөө боюнча ишмердүүлүгүн толугу менен көзөмөлгө алууну Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы алды. Андан кийин жергиликтүү жарандар тарап кетишкен”, - деп айтылат маалыматта.


Жергиликтүү тургундар менен Жумгал районундагы тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда атайын жыйындар өткөрүлүп, жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.


Аталган аймакта эч кандай мыйзам, тартип бузуу фактылары катталган жок, саясий кырдаал туруктуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн