Бугу 06, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Жерлерди трансформациялоодо жергиликтүү бийликтин укуктарын кеңейтүү сунушталды

21.05.2020 09:03
1162
Жерлерди трансформациялоодо жергиликтүү бийликтин укуктарын кеңейтүү сунушталды

 

Жогорку Кеңештин кечээ, 20-майдагы жыйынында “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды, деп билдирди ЖК басма сөз кызматы.


Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Абдывахап Нурбаев, мыйзам долбоору биринчи кезекте өлкөнүн бардык аймактарын өнүктүрүүгө, кыргыз жарандары үчүн иш орундарын түзүүгө, бир жагынан мигранттардын өлкөгө кайра кайтып келүүсүнө, ошондой эле аларды кийин жумушка орноштурууга багытталганын белгиледи. 


Мыйзам долбоорунда айылдардагы өндүрүш аймактарын күчтөндүрүү, суу курумдарын куруу жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын бекемдөө каралган”, - деди депутат.


Абдывахап Нурбаев
көпчүлүк тышкы жана ички инвесторлор жерлерди трансформациялоо жараяндарынын татаалдыгынан улам айылдарга каржы салбай жаткындыгын кошумчалады. Ошондой эле эл өкүлү аталган мыйзам долбоору боюнча өкмөттүн оң корутундусу бар экенин да белгиледи. 


Талкуу маалында депутаттар сунушталып жаткан түзөтүүлөрдө инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн жогору экенине токтолушуп, жерлерди мыйзамдаштырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупциялык жана жеке кызыкчылыкты камтыган аракеттерге барышы мүмкүндүгүн кошумчалашты.  


Төрт тармактык комитетте каралып жаткан учурда ушул эле кооптонуулар айтылып, “Жергиликтүү кеңештин депутаттары район акимдери менен сүйлөшүп алып жерлерди сатпайбы?” деген суроолор болду. Андай жагдайды жаратпаш үчүн мыйзамда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын өздөрү жана прокуратура органдары тарабынан көзөмөлдөө механизми каралган”, – деди Абдывахап Нурбаев.  


Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн