Бугу 12, 2024
Убакыт: 04:35
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жертөлөдө ачка кармап. Москвада мигранттарга кысым күчөдү

28.07.2021 08:10
1307
Жертөлөдө ачка кармап. Москвада мигранттарга кысым күчөдү

Москвада кыргыздарды полиция ар кандай шылтоо менен кармап-камаган учурлар көбөйүп жатканын кыргыз диаспорасынын активисттери билдирүүдө. Ошол эле убакта Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар арасында мушташып чатакташкан учурлар тыйыла элек өңдүү. Ошол себептүү тартип коргоочулар дагы мигранттарга бар күчүн көргөзүп, аша чаап, бөрк ал десе, баш алып жатат деген нааразылык айтылууда.


“Дегеле жан койбой атат, беспредел кылып салышты. Жашоо бербей атышат. Күнөөсү жоктор азап тартып атат. Жалаң балдарды кармайт. Бир күнү таксисттерди кармаптыр дагы ар биринен беш жүз сомдон алып коюптур. Бая күнү бирөөлөрдү үч күн жертөлөдө кармаптыр тамак бербей, ачка. Акыры бирөөгө билдирип, зорго чыгарышыптыр”,-деди “Ала-Тоо” уюмунун лидери Жамиля Бегиева.


Анын айтымында, Москвада кыргыздар менен тажик жарандары массалык мушташкан окуядан кийин полициянын аракети бөрк ал десе, баш алганга барабар болууда.


12-июлда Кузьминки метросунун жанында болгон мушташка эки жүздөй, дагы бир булак боюнча төрт жүздөй мигрант катышып, жүздөн ашыгын ошондо милиция кармап кеткен. Көрсө, ал мушташ билярд ойногон кыргыз жана тажикстандык өзбек балдардын ортосундагы конфликттен башталыптыр. Утулган тарап акча төлөбөй коюп, ызылдаша кетип, кыргыз балдар бычак жеген экен. Ошондон кийин алардын сүрөтү ватсап жана башка каналдар аркылуу тарап, намыска чакырган сөздөр айтылып, кызуу кандуу жаштар Кузьминки метросунун жанына топтолуп, тажикстандыктар менен мушташып кеткен. Бул мушташ оюндан чыкса дагы аны айрымдар улут аралык конфликт катары чечмелеп жиберип, пикир түзүп жаткандай.


"Жинди болуп атышат"


“Сен эркексиңби, чыкпайcыңбы, кыргыздын намысын коргош керек деп өзүнчө бул жакта чек ара коргогондой болуп жинди болуп жатышат”,-дейт активист.


“Ортодо тажиктер менен жүргөн кыздарды мууздап салыш керек деп башкача чакырык кетүүдө”.


Ушундай улут аралык чагымчылык аракеттерден улам мигранттардын чыр-чатагы дагы эле бүтпөй, кээ бир жерде өзүнчө уланып жаткан учурлар бар экен. Жамиля Бегиева 12-июлдагы массалык мушташтан кийин кеминде дагы эки жерде мушташ болгонун айтууда:


“Андан кийин дагы бир эки жерде инцидент болду. Бирөөсү Апрелевкада атышуу болуптур, экинчи бир жерде дагы мушташып кетишкен экен”.


Мигранттарга кысым күчөп жатканын Би-Би-Сиге Москвадагы укук коргоочу Айниса дагы билдирди.


“Мурдагы күнү бир балабызды алып кирип алып сабашып, чыпалагы менен сөөмөйүн сындырып кыйнашыптыр. Ошол мушташка мен да катышкамын деп мойнуңа аласың деп. Бала мойнуна албаганда ошондой кысымчылык кылышыптыр”.


“Булар аша чаап кетип жатат. Россиянын полициясынын мурункудай камкордугу жок. Айлыктар аз. Көп привилегияларын, кошумча төлөмдөрүн кесип салган. Ошондуктар алардын кысымчылык кылганы биздин мигранттар болуп калды. Жок жерден штрафты илип эле, аны ушул жерден төлөгүлө деп башка бирөөнүн эсебине эле беш миңден штраф төлөтүп алышууда. Ал эч кандай, өкмөткө түшпөй эле полициянын эле жеке карточкаларына түшүп жатат”.


Мигранттар ушундай кысымга кабылып жаткан учурлар көбөйүп жатканда, Москвадагы кыргыз элчилиги, консулдугу аларды коргоо үчүн кандай иш аткарып жатканын сурасак, нааразылык чоң экен.


Мурда мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү бар эле. Азыр аны элчиликке кошуп койгондон кийин иш артына кетти дешет.


Элчиликтен тажрыйбалуу юристтер кетип, жаңы адамдар келип, иштин көзүн билбей атат деп сындашууда.


“Сабаттуу иштей алышпайт. Кыйналып бүттүк”,-дейт Айниса. “Элчиликке кайрылгандан пайда жок. Орусча жооп жазат, услышали ваше обращение, занимаемся, передадим, передали ... Горячая линия дегени бар, ага чалсаң өмүрү эч ким албайт. Алса дагы компетенциясы жок бир кыз жооп берет”.


 Мигранттарга кысым катуу болуп жатканы жөнүндө өткөн аптада эле кыргыз парламентинде да сөз болгон, карагыла, жардам бергиле дегендей тапшырма элчиликке берилген. Бирок кыргыз элчилигинин жоопторуна караганда, Москвада кыргыз мигранттарынын жашоосунда кабатыр болчу эч нерсе деле болбогондой...


Москвадагы кыргыз элчилигинин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланган маалыматына караганда, 12-июлдагы массалык мушташ боюнча Москвада 65 кыргыз жараны административдик камакта отурат.


"Россиялык укук коргоо органдарынын аракети эң оболу РФнын аймагында укук тартибин жана коопсуздук камсыз кылууга багытталганын белгилеш керек",-деп айтылат билдирүүдө.


Мыйзамсыз кармап-камоолор, кысымга алуулар жөнүндө бир да сөз жок.


Булак: Би-Би-Си

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн