Акаевдин доорунан бери карай колдон-колго өтүп келаткан «Жерүй» алтын кени акыры 17-мартта өз ишин баштады. Аталган кендин алтын иштетүүчү комбинатынын ачылышына президент Садыр Жапаров өзү барып катышса, Россия президенти Владимир Путин онлайн катышты. Алардан тышкары «Альянс групп» компаниясынын президенти Муса Бажаев жана ВТБ банктын төрагасы Андрей Костин (онлайн форматта) да катышканы маалымдалды.
Адегенде аталган алтын кени кайсыл компаниялардын шыбагасына тийип, бирок буюрбай калганына токтололу. «Жерүй» кенинде алтындын запасы тууралуу түрдүү маалыматтар айтылып келет. Айрым маалыматтарда 90 тонна алтын, 25 тонна күмүш деп айтылса, айрымдарында 105 тонна алтын, 25 тонна күмүш деп айтылат. Балким каза келгенде андан да көп алтындын запасы чыгышы мүмкүн. Бул кенди иштетүү укугу адегенде Аскар Акаевдин учурунда англиялык «Оксус Голд» компаниясына берилген. 2005-жылдагы март революциясынан кийин келген Бакиевдин бийлиги аны кайра "Global Gold" компаниясына ыйгарган. 2007-жылы андан казакстандык «Визор групп» компаниясын сатылган. Арадан үч жыл өтүп, 2010-жылы апрель революциясы болуп кеткен. Андан кийин келген бийлик алтын кенинин берилген лицензиясын жокко чыгарган. Натыйжада ал компания кыргыз өкмөтүнө миллиондогон доо коюп, Эл аралык арбитражка кайрылганын билебиз. 2015-жылы «Жерүй» конкурс жолу менен россиялык «Востокгеолдобыча» компаниясына 100 миллион долларга берилип, андан тышкары мурдагы инвестордун талап кылып жаткан доосун да жөнгө салуу милдети тапшырылган.
Бул кенге байланыштуу Акаевдин убагында инвестор менен Бакиевдин бийлигинин ортосунда да соттук териштирүүлөр болгонун, алтургай «Оксус голд» компаниясынын өкүлү Шон Дейлиге 2006-жылы кол салуу да уюштурулганын билебиз. Бул ишти Лондондун Жогорку соту да караган. Ал соттун чечими менен Максим Бакиев акталып кеткен.
Ошентип Атамбаевдин убагында алтын кенине лицензия алган россиялык «Альянс-Алтын» компаниясы азыркы тапта «Жерүй» кенин иштетүү укугуна ээлик кылат. Компания конкурста убада кылган 100 миллион долларды да өз убагында эле кыргыз өкмөтүнө төгүп берген. Ал акчадан 170 миллион сомду министрлер кабинети Талас облусуна которгон, дагы ошончо сумманы кенге жакын жайгашкан Талс району жана Бекмолдо айыл өкмөтүнө которгон. Мындан тышкары «Бакубат Талас» фонду түзүлүп, ага алты жылга деп 100 миллион сом берилген. Анын 70 миллиону кичи жана орто бизнестерди өнүктүрүүгө, ал эми 30 миллиону кайтарымсыз социалдык долбоорлорго жумшалышы керек болгон.
«Жерүй» кени 100 миллион долларга сатылган кезде Өмүрбек Бабанов «Биз бул акчага 100 мектеп куруп алсак болот» деп да айтканы бар. Анан дагы кенди иштетүүнү колго алган «Альянс групп» компаниясынын жетекчиси Муса Бажаев менен Бабановдун жакындан мамилеси бар экени айтылган. Экөөнүн ортосунда жакын мамилеси бар экенин Өмүрбек Токтогулович өзү деле танбайт, бирок ал «Жерүй» кенине эч кандай тиешеси жок экенин буга чейин маалымат каражаттарына бир нече ирет айтканы бар.
Ошентсе да бир суроо ачык боюнча турат. «Жерүй» алтын кенинин лицензиясын сатуудан түшкөн 100 миллион долларга 100 мектеп куруп алсак болот деген сөз кайда калды? Ошол акчанын эсебинен жок дегенде 10 мектеп курулдубу?
«Жерүй» кениндеги алтын иштетүүчү фабриканын ачылышында сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Учурда ири инвестициялык долбоор Россиянын катышуусу менен салтанаттуу түрдө ачылып жатат. Бул долбоор Талас облусунун өнүгүүсүнө жана жалпы Кыргызстанга олуттуу салым кошот. Буга чейин эле бюджетке 1,5 млрд. сом түшкөн. Эми фабриканын ачылышы менен бюджетке түшкөн акча дагы көбөйөт. 1000ден ашык жумушчу орун түзүлөт. Анын 95% Кыргызстандын жарандары болот” – деди.
Ал эми онлайн форматта сөз сүйлөгөн Владимир Путин «Бул долбоор Орусиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясынын рекорддук көрсөткүчү. Анын көлөмү 600 миллион долларды түзөт. Талас облусундагы бул тоо-кен ишканасында эң жакшы техникалар жана шаймандар колдонулат. Экологиялык нормалар сакталат», - деп билдирди.
Ырас, мамлекетибизде ири фабриканын ишке киргени жакшы. Анда эң жакшы техникалардын жана шаймандардын колдонула турганы да, экологиялык нормалардын сактала турганы да жакшы. Бирок, «Жерүй» кенинде Кыргызстандын үлүшүнүн болор-болбосу тууралуу так маалыматтын айтылбай жатканы жүрөктү түпөйүл кылып турат. Же алтын казып жаткан компания тиешелүү салыкты жана социалдык пакеттерди төлөп берип коюу менен эле чектелеби? Кирешенин баары ошондо казып алып жаткан компаниянын шыбагасына тийип калабы?
«Альянс Алтындын» 60% акциясы россиялык ишкер Муса Бажаевге, ал эми калган 40%ы Токмок шаарында туулган, жакында эле каза болгон маркум Алижан Ибрагимовго («Граф» каймана аты бар) тиешелүү экени айтылып келет. «Жерүй» кенин мына ушул компания толугу менен өзү иштетип жаткандан кийин, анда алтын кенине да толугу менен ушулар ээлик кылып калабы?
Дагы бир жолу айта кетели, алтын кенинин ишке киргени, анда бардык нормалардын сактала турганы жакшы. Салыктын өз убагында төлөнүп, жумушчу орундарынын түзүлгөнү да кубандырат. Ошентсе да, алтын кенинде акыры мамлекеттин да үлүшү болушу керек го.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн