Бугу 10, 2024
Убакыт: 07:15
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

«Жерүй» алтын кени иштегенден бери ɵлкɵгɵ кандай пайда түшүүдɵ?..

27.09.2022 12:03
960
«Жерүй» алтын кени иштегенден бери ɵлкɵгɵ кандай пайда түшүүдɵ?..


Баарыбызга маалым болгондой Талас областынын аймагында жайгашкан «Жерүй» алтын кенинин иштешине каршы чыккандар арбын болгон. Бирок, кɵптɵгɵн талаш-тартыштан соң, элге пайда алып келгендей кылып иштетүү убадасы менен уруксаат берилген эле. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, учурда «Жерүй» алтын кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коому убадаларын так аткарып, Кыргызстандын бюджетине ири салым кошууда. Биз буга чейин жасалган иштери боюнча так сандарды сиздерге сунуштайбыз…


Республикалык жана жергиликтүү бюджетке бɵлүнгɵн каражаттар жана салыктар


2022-жылдын сентябрь айына карата «Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коомунда тарабынан республикалык жана жергиликтүү бюджетке – 8 059 479 142 сом (сегиз миллиард элүү тогуз миилион тɵрт жүз жетимиш тогуз миң бир жүз кырык эки сом) анын ичинде алтын сатуудан түшкɵн каражаттан 5 303 290 772 сом (беш миллиард үч жүз үч миилион эки жүз токсон миң жети жүз жетимиш эки сом) которулган.


Түшкɵн пайданын 2% «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны ɵнүктүрүү жана колдоо» статьясы боюнча жергиликтүү бюджетке которуу 2022-жылдын сентябрь айына карата – 549 899 751 (беш жүз кырк тогуз миллион сегиз токсон тогуз миң жети жүз элүү бир) сомду түзүп, анын ичинде:


- Талас облусун ɵнүктүрүү фондуна (50%) – 274 949 875,50 сом;

- Талас районун ɵнүктүрүү фондуна (30%) – 164 969 925, 30 сом;

- Бекмолдо айыл ɵкмɵтүн ɵнүктүрүү фондуна (20%) – 109 979 950,20 сом бɵлүнгɵн.


«Жерүй» ɵндүрүш тилкесине жергиликтүү элден жумушчуларды алуу


Үстүбүздɵгү 2022-жылдын сентябрь айына карата «Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коомунда 770 жумушчу иштейт, анын ичинде:


- Бишкектен - 97 (жалпы иштегендердин 13%);

- Башка аймактардан – 185 (27%); 

- Талас облусунан - 488 (73%), анын ичинде Бекмолдо айыл ɵкмɵтүнɵн 200 жумушчу (облустан келгендердин 41%).


Аны менен катар Талас облусу боюнча 361 киши атайын окутуудан ɵтүп, ишке даярдалды. Анын ичинен:


- Бекмолдо айыл ɵкмɵтү – 120 киши (жалпы сандын 33%);

- Талас району – 90 (25%);

- Манас району – 18 (5%);

- Бакай-Ата – 35 (10%);

- Кара-Буура – 37 (10%);

- Талас шаары – 61 (17%).


Ишке тандоо комиссиясынын жыйынтыгы боюнча, 2022-жылдын сентябрь айына карата «Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коомуна, жогоруда даярдалган жумушчулардын ичинен 207 киши ишке алынды, анын ичинде:


- Бекмолдо айыл ɵкмɵтү – 77 киши (жалпы сандын 37,6%);

- Талас району - 53 (25%);

- Манас району – 8 (3,9%);

- Бакай-Ата – 19 (9,27%);

- Кара-Буура – 18 (8,78%);

- Талас шаары – 32 (15,61%).


Экология жана айлана-чɵйрɵнү коргоо


«Жерүй» ɵндүрүш тилкесине караштуу саркындылар чарбасынын ɵкүлдɵрү менен биргеликте байкоо салуу скважиналарын байма-бай текшерүү жүрүп турат.


Скважиналарда суу жок, демек, бул - калдыктарды сактоочу жайдын гидроизоляциялык катмарынын бүтүндүгүн далилдейт. 


Алтын чыгаруу фабрикасынын (АЧФ) аймагын кɵрктɵндүрүүдɵ кыртышты сарамжалдуулук  менен пайдалануу жагы тыкыр кɵзɵмɵлгɵ алынды. Тамырлуу кыртыш, жумуш бүткɵндɵ борбордук сактоочу кампадан тарта маркшейдерлик текшерүү маалында иштетилген кɵлɵмдү аныктоодо жана ырастоочу документацияларды даярдоодо пайдаланылат. 


Талас облустук жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл башкармалыгынан жер иштетүүгɵ, тамырлуу кыртыш катмарын алууга, иш башталган жердеги Пионер лагеринин аймагынан автоунааларды убактылуу токтотуучу жайга улуксат алынды. Тамырлуу кыртыш катмарын алуу жана борбордук кампага жыйноо тыкыр текшерилди.


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл Министрлиги тарабынан мурда белгиленген план боюнча текшерүүлɵрдүн бир бɵлүгү ишке ашырылды:


- Суу кетүүчү арыкты кулаган тоо тектеринен, таштардан тазалоо иштери калдыктарды сактоочу жайдын түндүк тарабында жайгашкан тамырлуу кыртыш катмарын жыйып сактоо кампасын тегерете жүргүзүлдү.

- Эки жыл мурда, 2020-жылы октябрь окуяларынын убагында ɵрттɵлүп кеткен автоунаалардын калдыктарын сыртка ташып чыгаруу, ɵндүрүш аянттарын темир-тезектен, металл-конструкцияларынан, айнек, резина жана башка калдыктардан тазалоо «КЛС» ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылды. 


Даярдаган Нургазы Айтмырзаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн