Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жерүй кенинин кызматкерлери массалык түрдө ууланганбы?

22.03.2021 11:17
644
Жерүй кенинин кызматкерлери массалык түрдө ууланганбы?


2-3 күн мурун Жерүй кенинде 18 адам тамакка ууланган. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Султан Аманбеков жазган.


"Тийиштүү органдар бүгүн гана кыймылдай баштады. Ал эми ууланган адамдарды эч кимге унчукпагыла деп коркутуп коюшкан. Алар жумушунан кол жууп калуудан коркуп үн катпай отурушат. Таластын жаңы жетекчисинин бул боюнча кабары барбы?",- деп билдирүү калтырган.


Бул окуя "Санитардык-эпидемиологиялык нормаларды бузуу" боюнча Талас ОИИБнин электрондук журналына катталганын билдиришти. Маалыматтын чындыгын билүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн текшерүү жана иликтөө башталды.


Ал арада Талас райондук ооруканасы жана Ч.Мамбетов атындагы аймактык ооруканасы "ууланган бейтаптар кайрылган жок" деп билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн