Кыргызстандын 1 пайыз үлүшү жок иштей баштаган “Жерүй” кенинде “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун үлүшү бар экени буга чейин айтылган. Аталган кенге лицензия алган чет элдик ишкерлер да Бабановдун достору экени маалымдалган.
Белгилүү аналитик, журналист Айданбек Акматов бул боюнча жазып, “Жерүйдө” Бабановдун 20 пайыз акциясы бар экенин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу маалымдады.
“Жерүйдүн” 40% маркум Графка, 20% Бабановго таандык деп айтылууда...Демек, 60% КР жарандары ээ. Мамлекеттин үлүшү нөл. Бул териштирилип, мамлекет кызыкчылыгы сакталыш керек...”, - дейт ал.
Пикирлер (1)