Жерүй алтын кенинде кызматкерлер массалык түрдө ууланган деген маалымат боюнча "Альянс алтын" компаниясы билдирүү таратты.
Компаниянын билдирүүсү төмөнкүдөй:
"Биздин компаниянын кызматкерлеринин тамак-аштан уулангандыгы тууралуу маалымат айрым ЖМКларда жана социалдык тармактарда пайда болуп жатат.
Ооба, чындыгында, ушул жылдын 20-мартында Жерүй өндүрүштүк участкасынын медициналык кызматкерлерине ден соолугуна байланыштуу өзүн начар сезип 15 адам кайрылышкан.
Медицина кызматкерлери тарабынан ыкчам жардам көрсөтүлүп, анализдер алынып, алар Талас санэпидстанциясына жөнөтүлдү.
Тесттин жыйынтыгы бир нече күндүн ичинде белгилүү болот. Биздин компания ички иликтөө ишин баштаган.
Бүгүнкү күндө кайрылган бейтаптардын абалы канааттандырарлык.
Кооптонууга негиз жок, өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!".
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн