Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жетекчи адам эмнелерге көңүл бурушу керек?

15.02.2021 09:05
661
Жетекчи адам эмнелерге көңүл бурушу керек?


Турмуш сабактарынан...


Жетекчи болгон адамга айлана-чөйрөсүндөгүлөр 4 нерсени таңуулаганга аракет кылышат:


1. Өз кызыкчылыктарын таңуулашат, ал кызыкчылыктарды жетекчинин да кызыкчылыгы кылып көрсөтүүгө далалаттанышат;


2. Өз досторун, жек-жааттарын таңуулашат, аларды жетекчиге да дос, тарапташ кылып көрсөтүүгө далалаттанышат;


3. Ишке карата өз көз караштарын таңуулашат, жетекчини тиги же бул чечимди кабыл алууга түртүүгө далалаттанышат;


4. Өз душмандарын же өздөрүнө жакпаган адамдарды жетекчиге душман кылууга, аларга каршы жетекчини тукурууга далалаттанышат.


"Жетекчи жакшы эле, бирок айланасындагылар бузуп жатат" - деген сөз мына ушундан улам чыгат. 


Жетекчинин күчтүү же алсыз экендиги, өз алдынча же бирөөлөрдүн таасири астында экендиги жогорудагы төрт маселеге карата анын позициясынан эле аныкталат.


Өз тажырыйбама ылайык төмөнкү тыянактарды так эле айта алам:


Биринчиден, айланасындагылардын кызыкчылыктары толугу менен жетекчинин кызыкчылыгы боло албайт, тетирисинче, жетекчинин жана анын кызматтык кызыкчылыктары аларга карама-каршы болуп да калышы мүмкүн;


Экинчиден, айланасындагылардын достору жана жек-жааттары жетекчиге дос же жакын болуп боорун бербейт, ар кимиси өз кызыкчылыгын гана көздөйт, жетекчи кызматтан кетсе кийинки жаңы жетекчини жандап, ага кошомат айтып кете беришет;


Үчүнчүдөн, айланасындагылардын иштин жүрүшүнө пикирлери кандай болгон күндө дагы, жетекчи көңүлгө карабай, бир гана кызматтын кызыкчылыгына карай чечим кабыл алуусу абзел, анткени ар кандай кеңештердин артында жөнөкөй эле жеке кызыкчылыктар жатышы толук мүмкүн;


Төртүнчүдөн, айланасындагыларга ишенип, алардын тилине кирип ар ким менен душмандашуу, алар айткан кишилерге карата териштирбей туруп жаман пикир күтүү эң жаман сапат. Тетирисинче жаныңда жүргөн адамдын каршылаш адамы жетекчинин эң жакын пикирлеши болуп калуусу ыктымал. Башка бирөөнүн досуна ишенип досум деш кыйын, бирок анын душманын өзүңө душман кылып алыш оңой эле. Айлана-тегерегиңдегилердин баарынын душмандарын өзүнө душман кылып жыйнап алуу ишке өтө катуу кедергисин тийгизет.


Эмилбек Каптагаев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн