Бугу 22, 2024
Убакыт: 08:15
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Жети-Өгүз райондук ооруканасына жаңы үлгүдөгү медициналык аппараттар келди (фото)

29.05.2020 11:55
1049
Жети-Өгүз райондук ооруканасына жаңы үлгүдөгү медициналык аппараттар келди (фото)


Депутат Жаныбек Бакчиев Жети-Өгүз райондук жалпы тажрыйбалык-дарылоо борборуна жаңы үлгүдөгү чет элдик медициналык жабдууларды алдырып келип берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Анда мобилдик рентген аппараты: 1 даана Siemens-ПН (Европа), 3 даана префузиялык ПН сордургуч (АКШ), 1 даана негатоскоп (Европа), калибирлөө үчүн фантом-ПН (Швеция) жана 25 таңгак стерилденген атайын костюмдар (Кытай) бар.


Оорукананын жетекчиси Канат Жумадыловдун айтканына караганда, аталган жабдуулар медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга чоң жардам болот. Айрыкча, коронавирус илдети жайылуу коркунучу маалында бир жолу колдонулуучу атайын костюмдардын берилип жатканы дарыгерлердин жүгүн кыйла жеңилдетет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн