Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 18:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Жети-Өгүз районунда 100 орундуу кийим тигүү фабрикасы ачылды

01.09.2021 14:47
1114
Жети-Өгүз районунда  100 орундуу кийим тигүү фабрикасы ачылды


Бүгүн, 1-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ырдык айыл аймагындагы Жон-Булак айылында 100 орундуу "Бархат" аталышындагы кийим тигүү фабрикасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.


Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун жетекчиси, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким жана айыл тургундары катышышты. Тигүү цехине Жон-Булак айылындагы А. Курманбеков атындагы орто мектептин эски корпусу бөлүнүп берилген.


Облустагы тигүү фабрикаларын ачуу ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоевдин демилгеси жана Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун каржылоосу ишке ашууда. Кийим тигүү фабрикаларынын ачылышынын бирден бир максаты элет элин иш менен камсыздоо жана жеңил өнөр-жайды өнүктүрүү болуп саналат. Тигилген кийимдер Кыргызстандын булуң-бурчуна жана чет өлкөлөргө экспорттоло тургандыгын тигүү фабрикасынын жетекчиси айтып өттү. 



"Бархат" тигүү фабрикасына Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан 8 миллион сом бөлүнгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн