Теке 27, 2024
Убакыт: 06:47
USD
EUR
RUB

Жети-Өгүз районунда Барскоон чакан ГЭСинин курулушу башталды

05.06.2024 16:51
725
Жети-Өгүз районунда Барскоон чакан ГЭСинин курулушу башталды


Бүгүн Жети-Өгүз районунун Барскоон капчыгайында чакан ГЭСтин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи өттү.

Иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев жана райондун активи катышып, бул долбоордун облус жана жалпы өлкө үчүн мааниси зор экендигин баса белгилешти.

"Барскон кичи ГЭСинин курулушу – биздин аймактын туруктуу өнүгүүсүнө жана энергетикалык коопсуздугун камсыздоого жасалган олуттуу кадам", - деди облус башчысы.

Барскон кичи ГЭСинин долбоордук кубаттуулугу 7,5 МВт, ал эми наркы 706 млн сомду түзөт. Жабдуулар Австриядан Global Gidro компаниясы аркылуу алып келинет.

Долбоордун алкагында узундугу 5 чакырымга канал жана 300 чарчы метр аянттагы имарат курулат. Кубаттуулугу бир жылда 38 млн киловатт-саатты түзөт. Чакан ГЭСти ишке киргизүү 2025-жылдын сентябрына пландалууда.

Белгиленгендей, энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу үчүн облус боюнча 31 жер тилкеси бөлүнгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн